Ссылки доступа

Казакстанда жарандарга Пенсиялык фонддогу акчасынын бир бөлүгүн алууга уруксат берилет (видео)


Казахстанцам разрешат забирать деньги из Пенсионного фонда. Как это будет?
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:02 0:00

Казакстанда жарандарга Пенсиялык фонддо топтолгон акчасынын бир бөлүгүн алууга уруксат берилет. Бул тууралуу өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев 1-сентябрдагы элге кайрылуусунда билдирди.

Өлкөнүн эмгек министри Биржан Нурымбетовдун айтымында, топтолгон акчасын алуу укугуна 720 миңден ашык киши ээ болот.

«Мамлекет башчы жыл аягына чейин бардык нормативдик-укуктук актыларды даярдап, пенсия үчүн топтолгон каражаттын бир бөлүгүн пайдалануу үчүн даярдык көрүү тапшырмасын берди. Бүгүнкү күндө консептуалдык жактан жактырылган чечим бар. 721 миң кишиде пенсияга деп топтолгон каражатын колдонууга мүмкүнчүлүк болот. Ал сумма 1,4 триллион теңгени түзөт», — деди министр.

Эмгек министрлигинин эсеби боюнча, 721 миң кишинин жарым миллиондон ашыгы иштеп жаткан жарандар болсо, 179 миңин пенсионерлер түзөт. Дагы 13 миңи эртерээк пенсия алуу үчүн камсыздандыруу компаниясы менен келишим түзүп, кошумча акча төлөп жаткан жарандар болот.

Азырынча жарандар топтолгон акчасынан канча сумма алса болору белгисиз. Эмгек министрлиги бул боюнча жакынкы күндөрү так маалымат берилерин билдирди.

Казак бийлиги жарандарга пенсияга деп топтолгон акчасынын бир бөлүгүн колдонууга укук берүү маселесин былтыр да көтөргөн. Токаев алгачкы элге кайрылуусунда жарандарга топтолгон каражатын дарылануу же турак-жай сатып алуу үчүн пайдаланууга жол ачкан механизмдерди иштеп чыгууну талап кылган.

XS
SM
MD
LG