Ссылки доступа

Михаил Ефремов сотто күнөөсүн мойнуна алды


Михаил Ефремов
Михаил Ефремов

Актер Михаил Ефремов Москва шаарынын Пресненский райондук сотунда курьер Сергей Захаровдун өмүрүн алган жол кырсыгы үчүн күнөөлүү экенин билдирди.

Ефремов жарыш сөз учурунда: "Урматтуу судья, билдирүү жасагым келет. Мен бир нече күн уктаган жокмун, мен күнөөнү мойнума алайын деп чечтим”, - деди.

"Медуза" басылмасы билдиргендей, мындан кийин ага сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берилген жок.

Сот отурумунда прокурор адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгындагы Ефремовдун күнөөсү далилденгенин билдирди.

Бүгүн, 3-сентябрда Пресненский райондук сотунда прокурор айыпталуучуга жаза берүүнү сурайт.

8-июндун түнүндө актёр айдап келе жаткан автоунаа Москванын борбордук бөлүгүндө каршы тилкеге чыгып, фургон менен кагылышкан. Натыйжада фургондун айдоочусу, 57 жаштагы Сергей Захаров ооруканада каза болгон. Ефремов өзү жабыркаган эмес.

Москванын полициясы актёр мас абалында болгонун кабарлаган. Эгер сот күнөөлүү деп тапса, Ефремов 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Михаил Ефремов – белгилүү театр жана кино актёру, Орусиянын Эмгек сиңирген артисти. Көпчүлүккө ал сатиралык долбоорлору жана бир катар телепрограммалары менен таанымал. Ал алгач жол кырсыгына байланыштуу өзүнө коюлган айыптарды четке каккан.

XS
SM
MD
LG