Ссылки доступа

Өзбекстанда класстарды кол жуугучтар жана антисептиктер менен камсыздоо милдети мугалимдерге жүктөлдү


Өзбекстанда жаңы окуу жылы башталар алдында айрым мугалимдер өз эсебинен класстарга антисептиги бар дозаторлорду жана кол жуугучтарды орнотууга милдеттүү болуп жатышканын билдиришүүдө.

Нурафшон шаарындагы мектептердин биринин мугалими классын жаңы окуу жылына даярдоо үчүн 50 доллардай каражат жумшаганын айтты.

– Президент акимдерге буйрук берген, бирок ал буйрукту мугалимдер аткарып жатышат. Биз класстарга 300 миң сум (30 доллар) турган кол жуугучтарды койдук. Жарым литрлик флакондогу антисептик 20 миң сум (2 доллар) турат. Бир флакон үч күнгө жетет. Мындан ары антисептиктерди ким сатып алары белгисиз, – деди ал.

Бул арада Өзбекстандын башка облустарындагы мектептердин мугалимдери өз эсебинен термометрлерди да алууга мажбур болушууда. Мугалимдер термометрлердин баасы орточо 45 доллар турарын, пандемия шартында акча тартыш экенин билдиришүүдө.

29-августта президент Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы алдында жаңы окуу жылына даярдык көрүүгө арналган жыйын өткөн. Жыйында өзбек лидери шаарлардын жана райондордун башчыларына мектептерди санитардык талаптарга ылайык даярдоону тапшырган.

Өзбекстанда жаңы окуу жылы 14-сентябрда башталары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG