Расмий маалыматка караганда, вирустук пневмонияга кабылгандар кескин көбөйдү. Маселен, 2-августта белгилери коронавируска окшош пневмония 27 кишиден гана табылган болчу.
Жалпысынан 1-августтан 2-сентябрга чейин вирустук пневмонияга 26 322 адам чалдыгып, 301 адам кайтыш болгон. Бул аралыкта 5 773 адам айыккан.
Ушул тапта коронавирус инфекциясынан 6 459 киши дарыланууда, арасында 34 бала бар. 171 кишинин абалы оор, алардын ичинен 28и өпкөнү жасалма желдетүүчү аппаратка туташтырылган.
Казакстан 1-сентябрлан тартып карантин чараларын жумшартып, спортзал, бассейн, театр, музей жана улуттук парктарын ишине уруксат берген.