Буга салыктардын өтө жогору болушу башкы себеп болууда. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча былтыр бизнес жүргүзүү жеңилдиги боюнча Тажикстан 190 өлкөнүн ичинен 183-орунга жайгашкан. Бул абалды коронавирус да курчутуп жиберди.
Душанбелик ишкер Шер Журабаевдин жарнама бизнеси, радиостанциясы, чач тарачы, фитнес-клубу бар. Ал мындан башка дагы бир нече ишканаларын жана стартаптарын жапты жана сатты.
"Ооба, салык кызматы айрым учурда каарын төгүп калат. Биз бул жерде эч несе кыла албайбыз. Бирок бул базардын айрым оюнчуларына эмес, баарына тиешелүү, – деди ишкер.
Тажикстандык талдоочулар салык саясатын түп тамырынан өзгөртпөсө, каатчылык тереңдей турганын билдиришүүдө. Бийлик жаңы салык кодекси даярдалганын айтууда. Бирок каржы адисттери бизнести өнүктүрүүдө мамлекеттин так план жок болсо жаңы кодекс иштебейт деп эсептешет.