Ссылки доступа

Тажикстанда 30 жаштагы адвокат президенттикке талапкерлигин коет


Фаромуз Иргашев
Фаромуз Иргашев

Тажикстанда 30 жаштагы адвокат Фаромуз Иргашев 11-октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коюуга ниеттенүүдө.

Ал күн мурун соцтармактарга жарыялаган видеокайрылуусунда анын талапкерлигин кайсыл бир саясий партия же коомдук уюм көрсөтпөгөнүн, шайлоого өз алдынча катыша турганын билдирди.

Тажикстанда президенттик кызматка мамлекеттик тилди билген, өлкө аймагында кеминде акыркы 10 жыл туруктуу жашаган жана 210 миң (жалпы шайлоочулардын 5% ашыгы) адамдын колун топтой алган жаран ат салыша алат.

Иргашев бийлик аны президенттикке талапкер катары каттоодон баш тартса, Бириккен Улуттар Уюмунун тиешелүү мекемелерине арыз менен кайрыла турганын билдирди. «Мен баарын ойлондум, менде башка жол жок. Бүгүнкү күнгө карата 35 миң кишинин колун топтоого жетиштим. Мени ким коркутат айырмасы жок, артка чегинбейм. Коррупцияга каршы күрөшүүнү каалайм», — деди Иргашев.

Фаромуз Иргашев 2015-2020-жылдары Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун Мажлис депутаты болгон. Быйыл март айында Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасына өтүүгө аракет кылып, бирок ийгиликке жете алган эмес.

XS
SM
MD
LG