Ссылки доступа

Көз карандысыз комиссияга ДССУнун ички документтерин алууга укук берилди


COVID-19 пандемиясына каршы көрүлгөн глобалдык чараларга баа берүү үчүн түзүлгөн көз карандысыз комиссияга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюумунун (ДССУ) ички документтерин алуу мүмкүнчүлүгү берилди. Бул тууралуу комиссиянын тең төрагасы, Жаңы Зеландиянын мурдагы премьер-министри Хелен Кларк билдирди.

«ДССУ бардык файлдары ачык экенин, эмнени көргүбүз келсе, ошону көрүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар экенин айтты», — деди ал.

Комиссия ДССУнун пандемияга чейинки жана андан кийинки аракеттерине баа бериши керек.

Буга чейин АКШ ДССУну «пандемиянын алгачкы баскычында туура эмес кадамдарга барган» деп айыптаган.

«Планетанын дээрлик ар бир жашоочусуна таасир эткен мындай масштабдагы пандемия өтө кылдат жана адилеттүү тергелиши зарыл. Бизге кийин чаң басып каралбай кала турган стандарттык баяндама керек эмес. Биз бул иликтөөгө олуттуу мамиле кылабыз, биз чындыкты угуп, мындан сабак алып, тиешелүү чараларды көрүүнү каалайбыз», — деген Тедрос Гейбрейесус 9-июлда комиссия түзүлүп жатканда.

Комиссиянын жыйынтыктоочу баяндамасы 2021-жылы майда даяр болушу керек.

XS
SM
MD
LG