Маалыматка караганда, мындай чечим 6-августта Тажикстанды COVID-19 жуктуруп алуу тобокелдиги жогору өлкөлөрдүн катарына киргизген АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун сунушунан кийин кабыл алынды.
Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө COVID-19 жуктуруп алгандар 8750гө жетип, 70 бейтап каза болду. Бирок айрым эксперттер бийликтин расмий маалыматтары бурмаланганын билдирип, илдетти жуктургандар жана көз жумгандар кыйла көп экенин айтып келишет.