Ссылки доступа

Нур-Султандын четиндеги айылдын тургундары социалдык көйгөйлөрдү чечип берүүнү талап кылышты


5-сентябрда Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарынан эки чакырым алыстыкта жайгашкан Каражар айылынын тургундары чогулуп, бийликтен электр энергиясы, интернет жана инфраструктурага байланышкан көйгөйлөрүн чечип берүүнү талап кылышты.

Алардын айтымында, айыл тургундары электр энергиясын жеке компаниянын трансформаторунан алып жаткандыктан, жарык үчүн Нур-Султандын жашоочуларынан бир нече теңге көбүрөөк төлөшөт.

«Эски трансформатор тургундардын муктаждыгын камсыз кыла албайт, ошондуктан түйүндөгү чыңалуу төмөн. Жазында жаңы трансформатор орнотушкан, бирок туташтырып беришкен эмес», — деди өзүн Карагөз деп тааныштырган тургун.

Чогулгандар айылда интернеттин ылдамдыгы да жай экенин айтып, буга байланыштуу окуучулар аралыктан билим алууда кыйналып жатышканын билдиришти.

«Жолдорубуз начар, коомдук транспорт да туруктуу эмес. Айылга барып-келүү оор болгондуктан, шаарда иштегендер батирге чыгып, ошол жакта жашоого аргасыз болушат», — деди тургундар.

Чогулгандарга жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн эч ким чыккан жок.

Болжол менен алты минге жакын киши жашаган Каражардын тургундары көптөгөн жылдардан бери айылдагы социалдык көйгөйлөрдү айтып келишет. Калктуу конушка таза суу былтыр гана жеткирилген.

Райондук акимчиликтин сайтында 2019-жылы айылга электр линиясын тартуу үчүн бюджеттен 17 миллион 751 миң теңге (былтыркы курс боюнча 46 миң доллар) бөлүнгөнү жазылган.

Видео

Видео

Айтматовдордун китепке айланган өмүрү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:14 0:00
XS
SM
MD
LG