Ссылки доступа

Түркмөнстанда инфекциялык оорулардан дарылануудан баш тарткандар түрмөгө камалат


Түркмөнстанда Кылмыш кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, бейтаптар коркунучтуу инфекциялык оорулардан дарылануудан баш тартса же ооруканалардан качып кетсе, эки жылга чейин, эгер бул экинчи жолу кайталанса, беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

Мыйзамга Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 2020-жылы 22-августта кол койгону белгилүү болду.

Бул арада түркмөн бийлиги баштагыдай эле өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктурган учур каттала электигин билдирүүдө. Ага карабай, көптөгөн шаарларда айрым карантиндик чектөлөр киргизилген. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Түркмөнстанды “коронавирус бар сыяктуу” мамиле жасап, коомдук коопсуздукту сактоо чараларын көрүүгө үндөгөн.

Июндун аягында Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Ашхабаддагы элчилигинин коронавирус боюнча билдирүүсүн “фейк” деп атаган. Маалыматта COVID-19дун белгилери бар жергиликтүү жашоочулар тест тапшырып, инфекциялык ооруканаларда 14 күндүк карантинге алынып жатканы айтылган.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы өлкөдө ооруканалар толгонун, маркумдардын сөөгү жерге хлорго чыланган чүпүрөктөргө оролуп берилип жатканын, көрүстөндөрдө жаңы жайлар көбөйгөнүн белгилеп келет.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG