Ссылки доступа

Сауд Арабиясында журналист Хашоггинин өлүмү боюнча сот өкүмү чыкты


Жамал Хашогги
Жамал Хашогги

Сауд Арабиясында 2018-жылы октябрда өлтүрүлгөн журналист Жамал Хашоггинин иши боюнча акыркы өкүм чыкты. Бул тууралуу Al Arabia телеканалы билдирди.

Бул иш боюнча беш киши 20 жылга соттолду. Дагы үчөө 10 жылдан жаза алды. Алардын баары журналисттин өлүмүнө катышы бар деп табылды.

Быйыл май айында Хашоггинин үй-бүлөсү кылмышкерлерге ырайым берүүнү сураган. Падышачылыктын мыйзамдары боюнча мындай учурда күнөөлүүлөрдү өлүм жазасына тартууга болбойт.

«The Washington Post» басылмасы менен кызматташып келген Хашогги 2018-жылы октябрь айында Стамбулдагы Саудиянын консулдугунда өлтүрүлгөн. Ошол убактарда ал Эр-Рияддын саясатын кескин сындап жүргөн.

Былтыр октябрда Human Rights Watch укук коргоо уюму Хашоггинин өлүмү боюнча сот жараяны жабык өтүп жатканын сындап, бул эл аралык нормаларга туура келбестигин билдирген.

Июлдун башында Хашоггинин өлүмү боюнча сот Түркияда башталган. Анкара бул факт боюнча 20 адамга айып койгон жана алардын арасында Сауд Арабиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммед ибн Салмандын мурдагы кеңешчиси да бар экени айтылган.

XS
SM
MD
LG