Ссылки доступа

Нур-Султан: тургундар жаңы турак-жай комплексинин курулушуна каршы болууда


7-сентябрда Нур-Султан шаарындагы бир нече көп кабаттуу үйдүн тургундары чогулуп, жакын жердеги аянтка жаңы турак-жай комплексинин курулушуна каршы экендиктерин билдиришти.

Алар «Биз каршыбыз!», «Токаев, бизди ук!» деген ураандарды кыйкырып, «Эми балдарыбыз кайсы жерде ойнойт?», «Президент бизди угат деп үмүттөнөбүз?» деген жазууларды кармап турушту.

Тургундардын айтымында, алар май айынан бери 700 кишинин колун топтоп, жергиликтүү бийликке бир нече жолу кайрылышкан.

— Биз акимчилик өкүлдөрү менен үч жолу жолукканбыз. Бизге макулдашуусуз эч кандай курулуш иштери башталбай турганын айтышкан. Бирок бул курулуштун мыйзамдуулугуна байланышкан маселе ачык бойдон калууда. Биз прокуратурага, Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигине, Архитектура, шаар куруу башкармалыктарына жазуу жүзүндө кайрылганбыз. Алгылыктуу жооп боло элек», — деди тургундардын бири.

Тургундар акимчиликтин жана курулуш иштери менен алектене турган BI Group компаниясынын өкүлдөрүн күтүшкөнүн, бирок алар келбегенин билдиришти.

Бири-бирине жакын жайгашкан «Номад», «Сармат» жана «Инфинити» турак-жай комплекстеринин тургундары быйыл май-июнь айларында да ушундай талаптар менен чогулушкан. Анда Нур-Султан акимчилиги бул боюнча «Азаттыктын» казак кызматынын суроолорун жоопсуз калтырган. ВI Group компаниясынын өкүлү бул жерге турак-жай комплексин куруу шаардын башкы планында каралганын билдирген.

XS
SM
MD
LG