Ссылки доступа

Жардамга келген дарыгерлер ара жолдо калды (жыйнак)


Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдардын логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан дагы видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Жардамга келген дарыгерлер ара жолдо калды. Кыргызстанга Орусиядан июнь, июль айларында өз ыктыяры менен келип, "кызыл зоналарда" эмгектенген Москва, Санкт-Петербургдагы алдыңкы ооруканалардын кыргызстандык дарыгерлери ишине кайта албай убара тартышууда. (видео)

- Элеттеги жеңелерге тил үйрөткөн Адинай. Жогорку окуу жайын быйыл гана аяктаган Адина Эсентурова мектепти сагынган окуучулар менен айылдык жеңелерге англис тилин үйрөтүп жатат. Ал 40ка чукул окуучуну эртең мененки саат ондон баштап кечки бешке чейин төрт тайпага бөлгөн. (видео)

- Айылдык кыздардын кыялы, максаты жана түйшүгү. «Айылдык кыз - Village girl» долбоору Талас облусунун Аманбаев айылындагы 9-10-класстын окуучуларына тренинг өткөрдү. Ага катышкан кыздар үч күн бою ыктыярчылардан келечектин кесиптери, чет өлкөдөгү окуу программалары, репродуктивдүү саламаттык, социалдык тармактар жана коопсуздук, коомдук активизм ж.б. темалар боюнча маалыматтарды алышты. (видео)

- Пенсиялык фонддон алган акчага турак-жай сатып алууга мүмкүнбү? Казакстандын бийлиги турак-жай сатып алуу жана дарылануу үчүн жарандарга Пенсиялык фонддо топтолгон акчасынын бир бөлүгүн алууга уруксат берет. (Казакстандан видео)

- Дүйнөдөгү экономикасы алдыда турган 20 өлкө. (инфографика)

- «Окутуучулар жок!» «Астана» университетинин студенттери министрге даттанышты. (видео)

- «Жумушубузду тартып албагыла!» Караганды фабрикасындагы нааразылык. (видео)​

- Дүйнөдө коронавирус жуктурган кишилер 27 миллионго жетти. (видео)​

- Кыргызстандыктар парламенттик шайлоонун алдында кайсы саясатчыларды жана партияларды колдошот? (видео)

- Тажикстанда президенттик шайлоого талапкерлигин коёрун билдирген юрист кармалды​. (видео)

- Коронавирус пандемиясынан улам Орусияда эмгек кулчулугу күчөшү мүмкүн. (Настоящее время)

- Коронавирус маалындагы жаңы кесиптер. (видео)

- Улут аралык жаңжалдан кийинки өлүм: Токаевди кийлигишүүгө чакырышты. (Казакстандан видео)

- Эмнеге Борбор Азия өлкөлөрүндө коронавирус боюнча статистика ар башкача эсептелүүдө? (видео)

- Казакстанда пневмония менен ооругандар кескин көбөйдү. Бул COVID-19дун экинчи толкунубу?​ (видео)

- COVID-19 пандемиясы маалындагы мектептер. (сүрөт баян)

- Тажикстанда бир жылда 13 миң компания жабылды. Буга эмне себеп болду? (видео)

- Казакстандыктарга Пенсиялык фонддон акчаларын алууга уруксат берилет. (видео)

- Facebook шайлоо алдында эрежелерин өзгөртүүдө. (видео)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG