Алардын арасында соцтармактарда бийликти, адилетсиз сот чечимдерин сындап келген Санавар Закирова бар. Ал быйыл июль айында камалган. Ошондой эле бул тизмеге сот аркылуу экстремисттик деп таанылган, ишмердигине тыюу салынган «Көше партиясы» кыймылынын лидерлери Асхат Жексебаев, Абай Бегимбетов жана Кайра Клышев кирген. Алар нааразылык акциялары маалында камакка алынган.
Мындан сырткары саясий туткундардын катарына Чыгыш-Казакстан облусундагы активист Серик Идырышев менен Костанай шаарынын тургуну Аскар Ибраев да кошулду. Алар ушул жылы ишмердигине тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын ишине аралашкан деген айып менен камакка алынган.
Саясий туткун деп таанылгандардын толук тизмеси «Альянс Тирек» укук коргоо уюмунун сайтына жайгаштырылган жана анда 50дөй адамдын аты-жөнү аталган. Мындай тизме түзүү 2013-жылы башталган.
Казак бийлиги өлкөдө саясий туткундар жок экенин билдирип келет.