Ссылки доступа

БУУ Орусияны Навальныйдын «ууландырылышын» иликтөөгө чакырды


Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет орус бийлигин оппозициячы Алексей Навальныйдын ыктымал ууландырылышын иликтөөгө чакырды.

Ал Навальный «олуттуу кылмыштын» курмандыгы болгонун белгилеп, оппозициячыл саясатчы «мамлекеттик коргоого» муктаж болгонун, бирок андай жардам албаганын билдирди.

Бачелеттин шейшемби күнү жарыяланган билдирүүсүндө акыркы 20 жылдын ичинде Орусияда жана башка өлкөлөрдө орусиялыктарга кол салуулар болуп жатканы «тынчсызданууну жаратары», анткени буга чейинки мындай учурлардын көбү тиешелүү деңгээлде иликтенбегендиги белгиленген.

44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен келатып, өзүн жаман сезе баштаган. Дааратканада эстен танып жыгылгандан кийин учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон. Алгач Омскидеги ооруканага жаткырылган Навальный бир нече күндөн кийин Берлинге жеткирилген.

Өткөн жумада Берлин Навальныйдын канында «Новичок» тобундагы уулуу заттын издери табылганын билдирген. Германиянын канцлери Ангела Меркель жана башка Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери Орусиядан Навальный менен болгон окуя боюнча түшүндүрмө берүүнү жана иликтөө жүргүзүүнү талап кылышкан. Навальныйдын тарапташтары ал Кремлдин буйругу менен ууландырылган деп эсептешүүдө. Москва мындай айыптоолорду четке кагып келет.

7-сентябрда Навальный дарыланып жаткан «Шарите» ооруканасынын дарыгерлери оппозициячыл саясатчы комадан чыгып, ага сүйлөгөндөргө реакция кыла баштаганын билдирген.

Видео

Видео

Пансионаттарга эмерек жасаган эки дос
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:07:19 0:00
XS
SM
MD
LG