Ссылки доступа

Кабулда Ооганстандын биринчи вице-президентине кол салуу болду


Ооганстандын биринчи вице-президенти Амрулла Салех

Ооганстандын биринчи вице-президенти Амрулла Салех Кабулдагы теракттан аман калды. Жардыруу бүгүн эртең менен шаардагы кварталдардын биринде болду.

Салехтин басма сөз катчысы Ризван Мурад кол салгандардын максаты биринчи вице-президенттин кортежин жардыруу болгонун билдирди.

«Ооганстандын жана улуттук кызыкчылыктарды көздөгөн лидерлердин душмандары бүгүн кайрадан Амрулла Салехке зыян келтирүүгө аракет кылышты. Кудайдын жардамы жана элдин дубасы менен ал жабыркаган жок», — деди басма сөз катчы.

Анын айтымында, Салехтин үч жансакчысы жеңил жаракаттарды алышты. Азырынча бул кол салууда каза болгондор тууралуу расмий маалыматтар жок.

Бирок Би-Би-Си өлкөнүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме кылып, жарылуудан эки киши мерт болуп, 12си жаракат алганын кабарлады.

Азырынча кол салуу үчүн жоопкерчиликти бир да топ өзүнө ала элек.

Видео

XS
SM
MD
LG