Ссылки доступа

Наманганда эки эркекти сабаган кызга кылмыш иши козголду


30 жана 33 жаштагы эки эркекти сабаганы үчүн 23 жаштагы Г.А. үстүнөн «Ээнбаштык кылган жана коомдук тартипти сактоого аракет кылган бийлик өкүлүнө, жаранга кол салган» деген берене боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлиги маалымдады.

Маалыматта: «Г.А. 25-июнда облустун Нарын районундагы Зарбдор айылында чоң көчөдө 33 жаштагы эркекти себепсиз сабаган, тепкилеген, денесине залал келтирген. Ортого түшкүсү келген 30 жаштагы эркекти да колу менен урган» деп жазылган.

Gazeta.uz басылмасы токмоктолгон эркектер көчөдө бараткан кызга автоунаада баратып сөз менен тийишкенин, андан кийин кыз аларды такси менен кууп жетип сабаганын жазды.

Кыздын эркектерди сабаган тасмасы социалдык тармактарда кызуу талкууланууда.

XS
SM
MD
LG