Ссылки доступа

Тажикстан Эгемендик күнүн белгилөөдө


Душанбе шаары
Душанбе шаары

Бүгүн, 9-сентябрда Тажикстан эгемендиктин 29 жылдыгын белгилеп жатат. Бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу көп кишинин катышуусунда иш-чаралар өткөрүлгөн жок.

Өткөн жумада Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб быйыл бул күнү массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганын билдирген. Штаб мындай чечимин коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө жана экинчи толкундун алдын алуу аракети менен түшүндүргөн.

1991-жылы 9-сентябрда Тажикстан Жогорку Кеңешинин кезексиз сессиясында Өлкөнүн көз каранды эместиги тууралуу декларация кабыл алынган. Көп өтпөй Тажикстанда беш жылга созулган жарандык согуш башталган. Түрдүү маалыматтар боюнча өлкөдөгү согуштук аракеттерден 150 миң киши мерт болуп, бир миллионго жакын жаран өзү жашаган аймактан качууга аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG