Ссылки доступа

Түркмөнстанда мыйзамсыз чылым өстүрүү жана сатуу көбөйдү


Лебап облусунда тамекини мыйзамсыз өстүргөндөр жана чылым өндүрүү боюнча чакан фабрикалар көбөйүүдө. “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы мындан улам уруксатсыз тамеки өнүмдөрүн саткандар да арбыганын билдирди:

- Колго эленип жасалган чылымдар жеткиликтүү баада сатылууда. Мындай чылымдардын баасы 15,-2 манат турат.

Керки жана Хожамбаз райондорундагы чакан фабрикалар чылым эле эмес насвай дагы чыгарууда. 100 грамм насвайдын баасы 20-30 манаттан сатылат.

Жергиликтүү бийлик тамеки өндүрүү менен алектенгендердин айрымдарын катуу жазаласа, айрымдарын калкап келери айтылууда.

Түркмөнстанда 2016-жылы чылым сатуу укугун бир гана мамлекеттик органдарга берүү боюнча токтом кабыл алынган.

Андан бери орто эсеп менен 3 манат турган тамеки 2020-жылы он эсеге кымбаттап, 30 манаттан сатылууда. Мамлекеттик дүкөндөрдө чылымга чектөө да киргизилген.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын Ашхабаддагы кабарчысы июль айында жеке дүкөндөрдө бир куту чылым 60 манаттан сатылып жатканын кабарлаган.

Түркмөнстан бийлиги 2025-жылга чейин өлкөнү тамекиден толугу менен арылтарын бир нече жолу билдирген.

XS
SM
MD
LG