Ссылки доступа

Укук коргоочулар Бээжинде кышкы Олимпиада өткөрбөөгө үндөшүүдө


Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах

Бир катар укук коргоочу уюмдар Эл аралык Олимпиада комитетин 2022-жылы кышкы Олимпиаданы Бээжинде өткөрбөөгө чакырышты.

Алар Кытайдагы оюндар бул өлкөдөгү адам укуктарынын абалы начарлаган сайын Олимпиада кыймылына залакасын тийгизерин айтышат.

Кытай бийлиги 160тан көп уюм кол койгон кайрылуунун авторлорун “спортту саясатташтырып” жатышканы үчүн айыптады. Авторлордун катарында кытайлардын, улуттук азчылыктардын, уйгурлардын, тибеттиктердин жана монголдордун укуктарын коргогон уюмдар да бар.

Укук коргоочулар 2008-жылы жайкы Олимпиаданын ийгиликтүү өтүшү Бээжин бийлигине ички саясат жүргүзүүдө ишеним берип, уйгурларды жана башка азчылык өкүлдөрүн куугунтуктоону күчөтүүгө өбөлгө түздү дешет.

Эл аралык Олимпиада комитети кат боюнча азырынча комментарий жасай элек. Буга чейин Associated Press агенттигинин уйгурлардын укуктары боюнча суроосуна жооп берип жатып, уюм оюндарды кабыл алчу өлкөнү тандоо менен ал жактагы саясий структураны, социалдык окуяларды же адам укуктары жаатындагы стандарттарды колдобой турганын айтып жооп берген.

Видео

Видео

Баткен: кызына өнөрүн үйрөткөн азиз уста
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:24 0:00
XS
SM
MD
LG