Ссылки доступа

Die Zeit: Навальный жаңы уу менен ууланган, ал "Новичоктон" коркунучтуу


Алексей Навальный "Новичок" затынын жаңы түрү менен ууландырылган, ал акырындык менен таасир этет, бирок мурункусунан өтө коркунучтуу. Бул тууралуу шаршембидеDie Zeit немис басылмасы жашыруун булактарына шилтеме берүү менен билдирди.

Журналисттер жаңы ууну атайын кызматтын лабораториясынан гана аныктоого мүмкүн болгонун белгилеп, ууландыруу операциясын Орусиянын Федаралдык коопсуздук кызматы гана жасай алмак деген жыйынтык чыгарган.

Die Zeit басылмасы атайын кызматтын агенттеринин бири ууну Навалныйдын чайына кошуп же сееп кеткен болушу мүмкүн деп божомолдоодо. Уунун калдыктары Навалныйдын колунан жана ал ичкен суунун бөтөлкөсүнүн оозунан табылган.

Немис басылмасы кылмышкерлердин планы боюнча Навальный Томскиден Москвага сапар алган учактын ичинде өлүшү керек болчу деп божомолдоодо. Ал учакты дароо кондуруу чечимин кабыл алган жана оппозиционерге дароо атропин сайган дарыгерлердин аракетинен улам гана аман калган.

Die Zeit басылмасынын журналисттери Навалныйды ууландырууга Кремль гана буйрук берген болушу ыктымал деген бүтүмгө келишкен.

44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен келатып, өзүн жаман сезе баштаган. Алгач Омскидеги ооруканага жаткырылган Навальный бир нече күндөн кийин Берлинге жеткирилген.

Берлин Кремлди сындап келген саясатчы анын «көзүн тазалаш үчүн» нервди шал кыла турган зат менен ууландырылганын жарыялаган. Москва болсо мындай шашылыш тыянак чыгарбай турууга чакырган.

XS
SM
MD
LG