Ссылки доступа

Ташкентте «Жеңиш паркы» деген мемориалдык комплекс түзүлдү


Ташкентте «Жеңиш паркы» деп аталган мемориалдык комплекс тургузулду. Ал өз ичине Мамлекеттик «Шон-шараф» музейин, «Мангу жасорат» жана «Матонат мадхияси» деп аталган эки монументти, ошондой эле тарыхый-көркөм экспозицияларды камтыйт.

Президент Шавкат Мирзиёев кол койгон жарлыкта «комплекс Өзбекстан элинин фашизмди жеңүүдөгү кошкон салымын кеңири чагылдыруу, тылда эмгектен жана Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан жарандарын ысымдарын, эрдиктерин түбөлүккө калтыруу жана жаш муунду Мекенди сүйүүгө тарбиялоо максатында курулганы» жазылган.

Жарлыкта мындан тышкары бул темада руханий-агартуучулук иш-чаларды, илимий-практикалык жыйындарды, семинарларды, мастер-класстарды, чыгармачыл кечелерди, көргөзмөлдөрдү, республикалык жана дүйнөлүк деңгээлдеги башка иш-чараларды өткөрүү каралган.

Ошондой эле «Шон-шараф» музейин Экинчи дүйнөлүк согушка байланышкан документтер, экспонаттар менен толуктап, алар тууралуу илимий маалыматтарды топтоп, комплекске келе турган туристтер, изилдөөчүлөр жана зыяратчыларга жакшы шарттарды түзүү зарылдыгы белгиленген.

XS
SM
MD
LG