Ссылки доступа

Өзбекстанда 1-класстарга президенттик белектер бөлүп-бөлүп тапшырылат


Өзбекстанда 1-класстардын окуучуларына президенттик белектер 14-сентябрдан тартып таратыла баштайт.

Өлкөнүн Элдик билим берүү министрлиги окуучуларды жана ата-энелерди топтобоо үчүн белектер бөлүп-бөлүп таратыларын маалымдады.

Буга чейин жергиликтүү басылмалар президенттик белектерди таратуу 14-сентябрга белгиленгенин жазган. Бардыгы болуп аны 1-класстын 650 окуучусу алат.

Президенттик белекте окуу куралдарынын 12 түрү, анын ичинде: китепкап, дептер, боектор, түстүү барактар, пеналдар, калем жана карандаштар, пластилин, клей жана өчүргүч бар.

Белектер салттуу түрдө мектептерде жана онлайн окуган окуучулардын баарына берилет. Министрлик ата-энелерден окуу куралдарын алууда карантин чараларын сактоону өтүнүүдө.

Видео

Видео

Митингде көздөн айрылгандар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:35 0:00
XS
SM
MD
LG