Ссылки доступа

Тажик бийлиги Ооганстандын вице-президентине кол салууну айыптады (видео)


Тажик өкмөтү Ооганстандын биринчи вице-президенти Амрулла Салехке кол салууну айыптады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 10-сентябрда жарыялаган билдирүүсүндө кол салууну «кара ниеттик менен жасалган террордук акт» деп атады.

Мекеме тажик бийлигинин атынан терактта курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалады.

«Тажикстан терроризмге каршы күрөштө дайыма Ооганстанды колдоп, коңшу өлкөдө тынчтык менен туруктуулукту орнотууга жардам берет», — деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.

9-сентябрда Кабулда Ооганстандын биринчи вице-президентинин кортежи өтө турган жолдо жардыруу болгон. Кол салуудан Амрулла Салех өзү жабыркаган эмес. «Аль-Жазира» телеканалынын маалыматына караганда, жарылуудан эки киши каза болуп, 12 адам жаракат алган. Бирок ооган телеканалдары 10 киши мерт болуп, дагы ошончо киши жарадар болгонун кабарлап жатышат.

Бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган «Талибан» кыймылынын өкүлү Хабихулла Мужахед дароо вице-президентке кол салууга алардын тиешеси жок экенин билдирди.

Амрулла Салех Ооганстандын Чалгын кызматынын мурдагы башчысы. Былтыр да анын кеңсесине кол салуу болуп, 20 киши көз жумуп, 50 адам жаракат алган.

XS
SM
MD
LG