Ссылки доступа

Карагандыда фабриканы түрттүрүү иштери убактылуу токтотулду


Караганды шаарынын жанындагы «KAZ Феррит» көмүр байытуу фабрикасынын өндүрүш цехинин бир бөлүгүн түрттүрүү иштери убактылуу токтотулду.

Жумушчулардын айтымында, 9-сентябрга белгиленген конвейерди бузуу иштери башталса, 500гө жакын киши эмгектенген ишкананын иши толугу менен токтоп калмак. Алар апта башында цехтин бир бөлүгүн бузуу тууралуу сот чечимине каршы нааразылык акциясын өткөрүшкөн.

Соттун чечимин аткаруу убактылуу токтотулганын облустук прокуратура ырастады. Ушу тапта аталган өндүрүш цехи жайгашкан жердин кимге таандык экендиги боюнча «KAZ Феррит» жана «СВХ-Портал» компаниялары соттошууда. Сот акыркы жолу «СВХ-Портал» компаниясынын пайдасына чечим чыгарган.

«Укуктары бузулуп жаткандыгы тууралуу ишкана жумушчуларынын маалымат каражаттарына чыккан кайрылуусун эске алып, сот чечимин аткаруунун мыйзамдуулугун текшерүү үчүн түрттүрүү иштери убактылуу токтотулду», — деп билдирди облустун прокурору Марат Сексембаев.

7-сентябрда «KAZ Ферриттин» жүздөгөн жумушчусу ишкананын аймагында нааразылык акциясын өткөрүп, фабриканын жабылып калышына жол бербөөнү талап кылышкан. Алар колдоруна: «Жумушубузду тартып албаңызар!», «Нансыз калабызбы?», «Фабриканын токтошуна жол бербейбиз!» деген плакаттарды көтөрүп барышкан.

Анда жумушчулар менен жолуккан Караганды облустук акимчилигинин өкүлү жер тилкесин мамлекеттин менчигине кайратуу маселеси каралып жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG