Ссылки доступа

Индия менен Кытай аскерлерин чек арадан алыс кармоого макулдашты


Индия жана Кытай чек ара аймагындагы аскерлер ортосунда аралыкты сактоо тууралуу макулдашканын билдиришти. Өзөктүк куралга ээ болгон бул эки өлкөнүн тирешүүсү чоң чырга айланышы мүмкүн деген кооптонуу пайда болгон эле.

Тараптар макулдашууга жетишкени Москвада Кытайдын жана Индиянын тышкы иштер министрлери жолугушкандан кийин жума күнү кабарланды.

Маалыматка ылайык, тараптар аскерлерин чек арадан алысырак алып кетишет. Кытайдын тышкы саясий мекемеси Бээжин Дели менен дипломатиялык жана аскердик каналдар аркылуу байланышып турарын, чек ара аймагында тынчтыкты калыбына келтириш үчүн кадамдар жасаларын белгиледи.

Москвадагы кездешүү алдында чек арадагы абал чыңалып кеткен. Эки өлкө бири бирин талаштуу тилкедеги аракеттери үчүн айыпташкан. Кээ бир жерлерде асманга ок атылганы кабарланган.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги индиялык аскерлерди 8-сентябрда көзөмөл сызыгынан мыйзамсыз өткөндүгү үчүн айыптаган. Индия бул дооматты четке кагып, Кытай тарапты күнөөлөгөн.

XS
SM
MD
LG