Ссылки доступа

Өзбекстандын тышкы карызы өлкөнүн ички дүң өнүмүнөн 30% ашты


10-сентябрда Өзбекстандын Каржы министрлиги 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата мамлекеттик карыз боюнча отчётун жарыялады.

Мекеменин маалыматына караганда, 2020-жылдын 1-июлуна чейин Өзбекстан төмөнкү уюмдардан карыз алган:

  • Азия өнүктүрүү банкы - 3,9 миллиард доллар;
  • Дүйнөлүк банк - 3 миллиард доллар;
  • Кытайдын Эксимбанкы - 2 миллиард доллар;
  • Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттиги - 1,7 миллиард доллар;
  • Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы - 1,3 миллиард доллар;
  • Эл аралык инвесторлор - 1 миллиард доллар;
  • Ислам өнүктүрүү банкы - 0,8 миллиард доллар;
  • Жапониянын эл аралык кызматташтык банкы - 0,4 миллиард доллар;
  • Башка эл аралык каржы институттары - 3,2 миллиард доллар.

Отчётко ылайык, 2020-жылдын 1-июлуна карата өзбек өкмөтү алган же анын кепилдиги менен тартылган карыздын болжолдуу көлөмү 19,4 миллиард долларды же ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 34% түздү.

Болжолдуу маалыматтар боюнча 2020-жылдын биринчи жарымында өткөн жылга салыштырмалуу өлкөнүн тышкы карызы 1,6 миллиард долларга же 10,5% көбөйүп, 1-июлга карата 17,31 миллиард долларга жеткен. Бул ИДӨнүн 30,3% түзөт.

Өлкөнүн ички карызы жылдык эсепте 6,2% көбөйүп, 2,1 миллиард долларды түздү.

XS
SM
MD
LG