Ссылки доступа

Казакстан шаарларында тынч митингдер өттү (видео)


Алматыда насыялык мунапыс берүүнү, саясий туткундарды бошотууну, чет өлкөлүктөргө жер берүүгө тыюу салууну талап кылган митингге 200гө чукул адам чогулду.

Бийликтин уруксаты менен өтүп жаткан акцияда антикытайлык ураандар жазылып, Кытайдын Казакстандагы элчисин өлкөдөн чыгаруу керек деген талап коюлду.

Митинг 13-сентябрда өлкөнүн дээрлик бардык аймагында өттү.

Каттоодон өтпөгөн Демокртаиялык партиянын жетекчиси Жанболот Мамай жергиликтүү бийликке кайрылып, Алматыда миң кишинин катышуусунда митинг өткөрүүгө уруксат сураган. Бирок “Азаттыктын” казак кызматынын эсеби боюнча акцияга 200дөй киши келген.

Митингдин катышуучулары менен журналисттер беткап тагынып, медицина кызматкерлери чогулгандардын дене табын өлчөп жүрүштү.

Жыйынга катышкандардын көбүнүн колунда чет элдиктерге жерди ижарага бербөө, түрмөдө отурган активист Макас Бокаев менен диссидент акын Аргон Атабекке азаттык берүү жана банкка карызын төлөй албай жаткан жарандарга насыялык мунапыс жарыялоо талабы жазылган баракчалар болду.

Призыв к власти «уйти» и последовавшее замечание акимата. Хроника митинга в Алматы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:04 0:00

Жекшембиде митинг Караганды, Семей жана Актөбө шаарлардында да өттү. Нур-Султанда ондогон киши цирктин алдындагы аянтка чогулууга аракет жасашты. Бирок бийлик өкүлдөрү уруксат берилбеген митингге катышкандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Как прошли митинги 13 сентября в регионах?
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:28 0:00

2016-жылы Жер кодексине жерди чет өлкөлүктөргө сатуу, узак мөөнөткө ижарага берүү боюнча киргизилген өзгөртүүлөргө мораторий жарыяланган. Мораторийдин мөөнөтү кийинки жылы аяктайт.

Расмий маалымат боюнча Казакстанда 7 миллиондон ашык киши насыя алган. Демилгелүү топтун маалыматы боюнча, насыяларды кечүүнү суранып 100 миңдей арыз түшкөн.

XS
SM
MD
LG