- Пахта: терим башталды, баа аныктала элек. Пахтанын баасы чечилбей, Жалал-Абад облусунун дыйкандарын санаага салууда. Ак алтындын наркы дүйнөлүк базарда аныкталат. Бааны жергиликтүү заводдор же өкмөт чече албайт. Азырынча дыйкандар жыйнаган түшүмүн насыяга өткөрүп жатышат. (видео)
- Бишкекте беларус элин колдогон акция өттү. Он чакты адам катышкан жыйынды «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюму уюштурду. Алар Беларуста тынч акцияларга чыккандарды куугунтуктап, камакка алууну токтотууну талап кылышты. (видео)
- Ыктыярчылар Көлдүн батасын алды. Ыктыярчы суучулдар бул жолу кыргыз берметинин тескей жээгин таштандыдан арылтып, көл ичинен ташталган торлорду алып чыкты. Бул акция бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында өттү. (видео)
- Акмаралдын кыялы. Баткендик чебер Акмарал Рахматилла кызы активисттердин көмөгү менен тигүү машинесине ээ болуп, пандемияда өз ишин баштаптыр. Курак курап, аялдардын кийимин тиккен Акмарал келечекте чакан ишкана ачкысы келет. (видео)
- Казакстанда оппозиция жаңы мыйзам боюнча алгачкы митинг өткөрдү. (видео)
- Шайлоо-2020. Партиялардын тизмеси. (инфографика)
- Минскидеги «Баатырлар жүрүшүнө» 100 миңден ашык киши катышты. (сүрөт баян)
- Мигранттар Орусиядагы элчиликтердин кызматкерлери алардан акча талап кылып жатканына даттанышты. (Настоящее время)
- Тажикстандык эмгек мигранттары мекенине учуп кете албай жатышат. (видео)
- Кыргызстанда саламаттык сактоого кете турган чыгымдар кыскарууда. (Настоящее время)
- Жүз миңдеген кыргызстандык алигиче таза сууга жете элек. (Настоящее время)
- Коронавируска каршы кымыз. (Казакстандан видео)
- Кыргызстандагы бардык курал-жарак саткан дүкөндөр жабылат. (Настоящее время)
- Дүйнөнүн алдыңкы 20 экономикасы. (инфографика)
- Коронавирус маалындагы жаңы кесиптер. (видео)
- Тажикстанда бир жылда 13 миң компания жабылды. Буга эмне себеп болду? (видео)
- Facebook АКШдагы шайлоонун алдында эрежелерин өзгөртүүдө. (видео)