Ссылки доступа

Казакстанда мунай-газ кенинен чыккан зыяндуу зат абага тарады


Казакстанда Атырау облусундагы Карабатан мунай-газ кенинен чыккан зыяндуу заттар абага тарады. Бул маалыматты жергиликтүү экология департаментинин жетекчиси Алибек Бекмухаметов ырастады.

«Биздин адистер атмосферанын булгануу деңгээлин аныктоо үчүн Карабатандын санитардык аймагында зыяндуу заттардын концентрациясын өлчөп жатышат. Бул тууралуу прокуратурага маалымат берилди. Биз ал жерде пландан тышкаркы текшерүү жүргүзөбүз», — деди Бекмухаметов.

Казакстандын Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министрлиги Карабатан кенинин айланасына жайылып жаткан коюу түтүн «Норт Каспиан Оперейтинг Компани Н.В.» (NCOC) компаниясынын бөлүмү эсептелген «Болашак» ишканасынын факелдик орнотмосунан чыгып жатканы аныкталганын билдирди.

NCOC консорциумуна «КазМунайГаз» улуттук компаниясы жана бир катар чет өлкөлүк энергетикалык компаниялар кирет.

Видео

Видео

Кармалган кримтөбөлдүн саясаттагы карааны
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:05 0:00
XS
SM
MD
LG