Ссылки доступа

Самаркандда ЮНЕСКОнун коргоосундагы тарыхый имарат түрттүрүлдү (видео)


Мамлекеттин жана ЮНЕСКОнун коргоосундагы имаратты бузуу учуру. 11-сентябрь 2020-жыл
Мамлекеттин жана ЮНЕСКОнун коргоосундагы имаратты бузуу учуру. 11-сентябрь 2020-жыл

11-сентябрда Самарканд шаарында 2010-жылга чейин архитектуралык эстелик катары мамлекеттин коргоосунда болуп келген имарат түрттүрүлдү.

Шаардык акимчиликтин аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкери имаратты Мажбурлап аткартуу бюросу соттун сырттан чыгарган өкүмүнүн негизинде бузганын билдирди.

Анын айтымында, имараттын мындай шашылыш түрттүрүлүшү өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин Самаркандга күтүлүп жаткан сапарына байланыштуу.

– Мамлекет башчы 2018-жылдан бери курулуп жаткан Самарканд медициналык институтунун жаңы окуу имаратына барышы мүмкүн. Ал көптөгөн жылдар бою архитектуралык эстелик катары эсептелип келген имараттын жанында жайгашкан. Облус акимчилиги президент жаңы курулуштун жанындагы эски имаратты көрүп жинденбесин деп аны бузуу буйругун берди», – деди акимчилик кызматкери.

Маданий мураска кирген объектилерди коргоо боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлү шаардын бул тарыхый бөлүгүндө жайгашкан ЮНЕСКОнун тизмесиндеги имараттарды бузуу — «Маданий мураска кирген объектилерди коргоо тууралуу» мыйзамга каршы келерин билдирди.

2019-жылы октябрда өлкөнүн маданият министринин орун басары катышкан жыйында Самарканддагы бул имарат «тарыхый фонддун имараты» деп табылып, аны сактап калуу чечими кабыл алынган.

Имараттын ээси Илон Волова Израилде жашагандыктан, коронавирус пандемиясынан улам сотко келе албай калган. Сот ага таандык имаратты бузуу тууралуу чечимди сырттан чыгарган. Волованын кызыкчылыгын коргогон Максуд Абдужаббаровдун нотариалдык ишеним каттын негизинде сотко катышуусуна уруксат берилген эмес.

– Биз сот чечимине нааразы болуп, облустук сотко доо арыз менен кайрылганбыз. Иш 8-сентябрда Самарканд облустук сотунда каралмак. Бирок ал күнү мага иш белгисиз себептерден улам шаардык сотко кайтарылганын билдиришти. Мыйзамга ылайык, апелляциялык доо арыз каралып бүткөнчө имарат бузулбашы керек болчу», — деди Абдужаббаров.

Самарканд шаардык акимчилиги түрттүрүлгөн имараттын ээсине компенсация катары 640 миллион сум (62 250 миң доллар) бөлүп берүү чечими кабыл алынганын билдирди.

Бузулган имарат 1904-жылы элде «Николаевский» деп аталып калган кыш менен салынган. Анын ээсинин айтымында, кезинде имаратта шаардагы эң алгачкы рессордуу кареталар түйүнүнүн башчысы жашаган.

Самарканддын 2001-жылы ЮНЕСКОнун коргоосуна алынган тарыхый бөлүгүндө жайгашкан имаратты бузуу тууралуу документке калаа башчы Бобурмирзо Облакулов былтыр 28-октябрда кол койгон.

XS
SM
MD
LG