Ссылки доступа

Өзбекстанда жарандык алууну жеңилдеткен мыйзам күчүнө кирди


15-сентябрдан баштап Өзбекстанда паспорт алуу жол-жоболорун жеңилдеткен жарандык жөнүндө мыйзам күчүнө кирди.

Бул мыйзам жарандык согуш маалында коңшу өлкөгө жер которуп, үй-бүлө күткөн жүздөгөн тажикстандыктардын Өзбекстан жарандыгын жана паспортун алуусуна мүмкүндүк берет.

Жарандык жөнүндөгү мыйзамга өлкө президенти быйыл март айында кол койгон. Ага ылайык, Өзбекстанда төрөлүп, бирок чет өлкөдө (жарандыгы жок ) жашаган кишилердин баары бул өлкөнүн жарандыгын ала алат. Жарандардын бул тобуна Өзбекстан аймагында милдеттүү түрдө беш жыл жашоо керек деген талап коюлбайт.

Мындан тышкары 1995-жылдын 1-январына чейин Өзбекстанга келген, бирок азыркыга чейин жарандык ала албай жүргөн кишилер да токтоосуз түрдө Өзбекстан жарандыгын алышат.

Мыйзамга ылайык, Өзбекстан жарандыгын алган кишидердин балдары да автоматтык түрдө ушул өлкөнүн жараны болуп калат.

Өзбекстан жарандыгын каалоочулардын баары ала алат, бирок алар өзбек тилин билүүгө жана сүйлөөгө, башка өлкөнүн жарандыгынан баш тартууга тийиш. Өзбекстанда кош жарандуулукка тыюу салынган.

Ислам Каримовдун бийлиги тушунда жарандык алуу өтө оор болгон. 1991-жылдан 2007-жылга чейин жарандыгы жок кишилердин ичинен 482си гана бул өлкөнүн паспортун алган. Андан кийин 2016-жылга чейин эч ким Өзбекстан жарандыгын алган эмес. Мирзиёев бийликке келгенден бери 10 миңден ашуун кишиге жарандык берилген.

Өзбекстанда жарандыгы жок кишилердин саны канча экени белгисиз. 2010-жылы Ташкент Бириккен Улуттар Уюмуна 87 миңдей кишиде жарандык жок экени тууралуу маалымат берген.

XS
SM
MD
LG