Ссылки доступа

Кыргыз-өзбек жумуш топтору чек ара маселелерин талкуулашты


Кыргызстан менен Өзбекстандын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумуш топтору жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы районундагы чечиле элек бир нече тилкени, ошондой 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө макулдашууга кирген аймактарды карап чыгышты.

Жолугушуунун соңунда тараптар айрым маселелер боюнча бир пикирге келишти.

27-августта Ташкентте Кыргызстандын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров жана Өзбекстандын премьер-министринин орун басары деңгээлиндеги кеңешчи Мехриддин Хайриддинов кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин талкуулаган.

Анда Мадумаров коронавирус илдетинен жана башка себептерден улам, кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын иши жайлап калганын айткан.

Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырымдык чек арасынын 1170 чакырымы же 85% такталган. Дагы 10% боюнча макулдашуу жетишилгени кабарланган. Азыр сүйлөшүүлөр так ошол 10% жана калган 5% тилке жөнүндө болуп жатат.

XS
SM
MD
LG