Ссылки доступа

Казакстанда бир суткада пневмония жана коронавирустан алты киши кайтыш болду


Бир сутка ичинде Казакстанда коронавируска окшош пневмонияга чалдыккан 408 киши аныкталды. Пневмониянын бул түрүнөн бир киши кайтыш болуп, 71и айыкты. Бул тууралуу 16-сентябрда өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

1-августтан бери коронавируска окшош пневмонияга 30 074 киши чалдыгып, 332си кайтыш болгон. 15-сентябрда министрлик бул илдеттен 26 миңден ашуун киши айыкканын маалымдады.

Бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 5 киши көз жумду. Марттан бери ПЧР тести аныкталган 1680 адам дал ушул вирустан улам өмүр менен кош айтышкан. Саламаттык сактоо министрлиги мындан башка жүздөгөн адам өлүмүн статистикага киргизген эмес. Министрлик алардын өлүмүнө коронавирус эмес башка оорулары себеп болгонун маалымдаган.

Ушул тапта 4 037 адам вируска каршы эмдөө алып жатат, арасында 37 бала бар. Стационарда 2 221 киши, амбулатордук түрдө 1816 киши дарыланууда. 125 адамдын абалы оор, 16 бейтаптыкы өтө оор, 18 киши өпкөнү жасалма желдетүүчү аппаратка туташтырылган.

XS
SM
MD
LG