Ссылки доступа

ЭВК Тажикстанга көйгөйлүү эки банкты жоюуну сунуштады


«Точиксодиротбанктын» алдындагы аманатчылардын кезеги. 2019-жыл.
«Точиксодиротбанктын» алдындагы аманатчылардын кезеги. 2019-жыл.

Эл аралык валюта кору (ЭВК) тажик бийлигине өлкөдөгү көйгөйлүү эки банкты — «Точиксодиробанк» менен «Агроинвестбанкты» жоюуну сунуштады.

Буга чейин эки жума ЭВК делегациясынын башчысы Падамжа Хандевал интернет аркылуу тажик өкмөтүндөгү аткаминерлер менен өлкөдөгү экономикалык абалды талкуулаган.

Эл аралык каржы уюмунун 14-сентябрдагы расмий билдирүүсүндө бул банктар «система түзүүчү» банктар деп аталганы менен алардын «төлөө кудуреттүүлүгү» төмөн экени белгиленген.

Мындан тышкары билдирүүдө коронавирус пандемиясынан улам өлкө экономикасы бир катар кыйынчылыктарга кептелгени (сырттан которулган акчанын көлөмү азайып, негизги өнөктөштөр менен соода жүргүзүүдө маселелер жаралган) айтылып, өлкөдө валюта жетишсиздиги көйгөйү чечилиши керектиги белгиленген. Бүгүнкү күндө Тажикстанда доллар тартыш болуп, банктарда кезек күткөндөр көп болууда. Ошол эле маалда банктарда бир кишиге 200 доллардан ашык берилбей жатат.

ЭВК төлөөгө кудуретсиз банктарды жоюудан тышкары тажик бийлигин Аманатчыларды камсыздандыруу фондуна колдоо көрсөтүүгө үндөдү.

Тажикстан буга чейин өлкөдөгү «Тажпромбанк» менен «Фононбанкты» банкрот деп тапкан.

Эл аралык валюта кору буга чейин да тажик бийлигине «Точиксодиротбанк» менен «Агроинвестбанкты» жоюу сунушун берген. Эки банк тең 2015-жылдан бери каатчылыкты башынан кечирип, кардарларынын аманаттарын кайтарып бере албай келишет. 2016-жылдын аягында бийлик бул банктарга 3,3 миллиард сомони өлчөмүндө каржылык жардам көрсөткөн, бирок бул аларды каатылыктан чыгара алган эмес.

XS
SM
MD
LG