Ссылки доступа

Эл аралык жеңил атлетика федерациясынын экс-жетекчиси Орусиядагы кызытманы жашырганын мойнуна алды


Ламин Диак
Ламин Диак

Париж соту Эл аралык жеңил атлетика федерациясын 1999-жылдан 2015-жылга чейин жетектеген Ламин Диакты коррупция айыбы менен төрт жылга эркинен ажыратты.

Айыптоо пункттарынын бирине ылайык, ал бир нече жыл бою орусиялык спортчулардын анализинен табылган кызытманы жашырып келген. Диак бул айыптоону мойнуна алып, мындай кадамга 2013-жылы Москвада өткөн жеңил атлетика боюнча дүйнө биринчилигинин алдында Орусиянын имиджин бузбоо жана демөөрчүлөр менен түзүлгөн келишимдерди сактап калуу үчүн барганын билдирди. Сотто аныкталгандай, бул айрым орусиялык спортчулардын 2012-жылы Лондондо өткөн жайкы Олимп оюндарына катышып, анализинде кызытма аныкталганына карабастан медалдарды утуусуна мүмкүндүк түзгөн.

Париж соту Диактан тышкары Бүткүл орусиялык жеңил атлетика федерациясынын мурдагы башчысы Валентина Балахничеваны үч жылга, Орусия курамасынын мурдагы башкы машыктыруучусу Алексей Мельниковду эки жылга эркинен ажыратты. Экөө тең Орусияда болгондуктан, аларга сот сырттан өкүм чыгарып, коррупцияга күнөөлүү деп тапты. Франция аларга эл аралык издөө жарыялады.

Балахничева тагылган айыптоолорду четке кагып, өкүм боюнча Франциянын Жогорку сотуна жана Адам укуктары боюнча Европа сотуна доо арыз менен кайрыла турганын билдирди.

Бүткүл орусиялык жеңил атлетика федерациясы 2015-жылы кызытмага байланышкан көптөгөн эреже бузуулардан улам эл аралык мелдештерден четтетилген. Буга байланыштуу орусиялык жеңил атлеттердин өлкө желегинин алдында эл аралык мелдештерге катышуусуна тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG