Ссылки доступа

Казакстандын түндүгүндө куш тумоосунан үй канаттууларынын жапырт өлүмү катталууда


Казакстандын Айыл чарба министрлиги өлкөнүн Түндүк-Казакстан облусунда «жогорку патогендүү куш тумоосу жайылып жатканын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 9-сентябрдан 16-сентябрга чейин Түндүк-Казакстан облусундагы жети райондо үй канаттууларынын массалык өлүмү катталган.

«Улуттук референт борбору массалык өлүмгө патогендүү куш тумоосу себеп болгонун аныктады. Кабыл алынган эрежелерге ылайык, Казакстан бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмуна кабар берди», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, ушу тапта аймакка вакцина жеткирилди. Облуста дезинфекция иштери башталып, канаттуулардын өлүгү жок кылынууда. 17-сентябрдан тартып аймактан канаттуулардын этин, жумурткасын чыгарууга тыюу салынды.

Бийлик өлгөн канаттуулардын ээлерине компенсация төлөп берүүнү убалады. «Республикалык бюджеттин эсебинен канаттуулары өлгөн жарандарга компенсация берилет. Бул үчүн атайын комиссия түзүлүп, канаттуулардын базардагы орточо баасына ылайык акча төлөнөт», — деп билдирди облустук акимчиликтин өкүлү.

Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык көзөмөл комитети облустун жети районундагы калктуу конуштарда карантин режими киргизилгенин билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, карантин тумоонун акыркы учуру катталгандан кийин үч жумадан соң алынат.

Өткөн жумада айрым басылмалар Түндүк-Казакстан облусундагы үч райондо үй канаттууларынын жапырт өлүмү катталганын кабарлашкан. 26-августта Казакстан Орусиянын Омск облусунда куш тумоосу катталгандыктан, ал жактан канаттуулардын этин алып келүүгө тыюу салган. Орусиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, тумоо райондордун жарымында катталып, дале болсо жайылууда.

XS
SM
MD
LG