Ссылки доступа

Кабири: Эгер биз Тажикстанда болсок, шайлоого бойкот жарыяламакпыз (видео)


Мухиддин Кабири

Тажикстан Улуттук альянсынын төрагасы, Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабири 16-сентябрда Жорж Вашингтон университетинин Борбор Азияны иликтөө программасынын алкагында сөз сүйлөдү.

Ал коронавирус маалындагы Тажикстандагы саясий жана экономикалык абалга баа берип, президенттик шайлоо жараянын сынга алды.

Анын айтымында, президенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүгү болгондо, шайлоого бойкот жарыяламак.

Тажикстанда тыюу салынган партиянын лидери бул сөзүн президенттик жарышта көз карандысыз талапкерлердин жоктугу, үгүт маалында баарына бирдей мүмкүнчүлүк берилбегени менен түшүндүрдү.

Тажикстанда Борбордук шайлоо комиссиясы беш талапкерди каттаган. Арасында өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Эмомали Рахмон да бар. Бийликке жалгыз оппозиция болгон Социал-демократиялык партия шайлоого бойкот жарыялаган.

Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясы менен Социал-демократиялык партиясы 2013-жылы коалиция түзүп, президенттикке укук коргоочу Ойнихол Бобоназарованы сүрөшкөн. Ал тиешелүү өлчөмдө кол топтой алган жок деген жүйө менен марадан четтетилген.

Мухиддин Кабири онлайн-жолугушуу учурунда Тажикстанда ким жеңишке жетери белгилүү экенин, жеңүүчү добуштардын канча пайызын өзүнө ээлик кылып алары гана ачык эместигин айтты. Ал бул сан 70-80% тегерегинде болушу ыктымал деп эсептейт.

Кабири 2015-жылдын сентябрынан бери Европада бозгунда жүрөт. Тажикстанда аны сыртынан узак мөөнөткө соттошкон. Тажик бийлиги Кабирини жана анын шериктерин беш жыл мурда коргоо министринин орун басары уюштурган козголоңго катышы бар деп күнөөлөгөн. Ал бардык айыптоолорду четке каккан.

Соцтармактардын колдонуучулары Кабири түз эфирде сөз сүйлөй турган маалда Тажикстанда бир саат Интернет өчүрүлгөнүн жазышты.

XS
SM
MD
LG