Ссылки доступа

Өзбекстан 1-октябрдан тартып чек араларын ачат


Өзбекстанда Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссиянын чечими менен чек арадан өтүү эрежелери жеңилдейт.

1-октябрдан тартып карантиндик жана санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо менен чек араларда транспорттордун бардык түрүнө киргизилген чектөө алынат.

Соңку 14 күндө “жашыл зоналарда” болгон кишилер Өзбекстанга эч кандай чектөөлөрсүз киргизилет. Бул өлкөлөргө Кытай, Таиланд, Малайзия, Түштүк Корея, Грузия, Венгрия, Финляндия, Латвия, Австрия жана Жапония кирет.

“Сары зоннадан” (Азербайжан, Беларус, Бириккен Араб Эмираттары, ошондой эле Улуу Британия менен Испаниядан башка ЕБ өлкөлөрү) жана “кызыл зоналардан” келген кишилер ПЧР тесттин негизинде гана чек арадан өтө алышат.

Эгер Өзбекстанга келген жүргүнчүдөн коронавирустун белгилери аныкталса, ал өз эсебинен аэропортто тест тапшырат.

Өзбекстанга Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Ооганстандан автотранспорттор менен келген кишилер ПЧР тест тапшыргандан кийин 14 күндүк карантинге алынат.

Өзбекстан чек араларын март айында өлкөдө коронавирус жуктуруп алган алгачкы бейтаптар аныкталгандан кийин жапкан.

XS
SM
MD
LG