Ссылки доступа

Өзбекстандагы энергетикалык ишканалардын көбү жеке башкарууга өттү


Кабул Шодиев (оңдо).
Кабул Шодиев (оңдо).

Өзбекстанда бери дегенде эле алты ири өндүрүштүк жана энергетикалык ишкана SFI Management Group компаниясынын карамагына өткөн.

2017-2018-жылдары Өзбек металлургиялык комбинаты, Алмалык тоо-металлургиялык комбинаты жана Ташкент металлургиялык заводу президенттин жана өкмөттүн токтому менен SFI Management Group компаниясынын башкаруусуна өткөн. Бирок эң ири өндүрүш объектилеринин мамлкеттик үлүшү эмне себептен жеке колго берилгени түшүндүрүлгөн эмес.

Бул арада коомчулук энергетикалык сектордогу дагы үч стартегиялык ишкана дал ушул топтун карамагына өткөнүн биле элек.

«Оздолик» радиосунун өз булактары кабарлагандай, 10-сентябрда өткөн «Узметкомбинаттын» жыйынында SFI Management Group компаниясынын кожоюндарынын бири Кабул Шодиев «Өзбек көмүр», «Ангрен ЖЭС» жана «Жаңы-Ангрен ЖЭС» акционердик коомдору дагы алардын карамагында экенин айткан.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, SFI Management Group өлкөдө жумуртка өндүргөн ири ишканалардын бири «Уртачирчикпарранданын» 84% жана «Узхимфармдын» 74% акциясына да ээлик кылат.

Расмий маалыматтарга караганда, SFI Management Group компаниясы 2017-жылы Шавкат Мирзиёев президент болуп шайлангандан кийин түзүлгөн.

Ал өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усмановго таандык экени айтылып жүрөт.

Бирок Алишер Усманов 2018-жылы 20-декабрда SFI Management Group өзбек тектүү казакстандык олигарх Фаттах Шодиевдин агасы Кабул Шодиевге таандык экенин, анын «Металлоинвест» компаниясы бул топ менен кызматташарын айткан.

Forbes журналынын маалыматына караганда, Бельгия жараны Фаттах Шодиевдин мулкү 2019-жылы 2,1 миллиард долларга бааланган. Ал көбүнчө Казакстанда жашайт.

XS
SM
MD
LG