Ссылки доступа

Казакстанда бир суткада COVID-19дан жана «пневмониядан» алты бейтап өлдү


Өткөн бир суткада Казакстанда коронавирус жуктурган жаңы 78 учур катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бир сутканын ичинде COVID-19дан 155 бейтап сакайып, төртөө каза болду.

Ушу тапта коронавирус инфекциясынан 3 835 киши дарыланууда. 1 967 бейтап стационарларда, 1 868 адам амбулатордук дарылануудан өтүп жатат. Алардын ичинен 100 киши оор, 13ү өтө оор абалда жана 15и жасалма дем алдыруу аппараттарына туташтырылган.

Ошол эле маалда бир суткада 242 кишиге «ковиддик пневмония» диагноз коюлду. Булар COVID-19дун белгилери бар, бирок ПЧР-тесттери таза чыккан бейтаптар. Казак бийлиги буларды коронавирус менен ооругандардын жалпы статистикасына кошпой, 1-августтан бери өзүнчө эсептеп жатат.

Сутка ичинде «ковиддик пневмониядан» эки бейтап каза болду. 1-августтан бери бул диагноз 30 579 кишиге коюлуп, 26 533ү айыгып чыкты. 337 бейтап көз жумду.

XS
SM
MD
LG