Ссылки доступа

Өзбекстандын вице-премьер министри коронавирустан каза болду


Уктам Барноев
Уктам Барноев

Өзбекстандын вице-премьер-министри Уктам Барноев 56 жашында көз жумду. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, аткаминер коронавируска чалдыгып, андан кийин инсульт болгон. Ал дарылануу үчүн Германияга жөнөтүлүп, ошол жакта үзүлгөн.

Бирок расмий булактар мындай маалыматтарды жарыялаган жок.

Маркумду Бухарада жерге берүүгө камылга жүрүп жатканы, президент Бухарага барары кабарланды. Барноев 2016-жылдын декабрынан 2020-жылдын февралына чейин Бухара облусунун акими болгон. Кийин өкмөт башчынын агрардык жана азык-түлүк тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча орун басары кызматына дайындалган.

Почему в странах Центральной Азии такая разная статистика по коронавирусу
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:47 0:00

Өзбекстанда буга чейин Каракалпакстан автономиялык республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы, Олий Мажлис сенатынын төрагасынын орун басары Муса Ерниязов жана Бухара облусунун акими Карим Камолов коронавирустан көз жумган.

Акыркы маалыматтар боюнча, Өзбекстанда коронавирус 51 235 адамга жукту. Анын ичинен 47 271 бейтап айыгып, 429 киши каза болду.

XS
SM
MD
LG