Ссылки доступа

Өзбекстанда мектеп директору окуу жайда асынып өлдү


Кашкадарыя облусуна караштуу Китаб районундагы мектептердин биринин директору окуу жайдагы ажатканада асылган абалда табылды.

Маалыматка караганда, 47 жаштагы директор өзүнө-өзү кол салган. Кашкадарыя облусунун прокуратурасы ал өлөр алдында үч кат жазып кеткенин билдирди.

Алардын биринде мугалим кесиптештерине кайрылып, “кандай гана жагдай болбосун коррупцияга жол бербөөнү суранган”.

Териштирүү учурунда маркумдун туугандары соттук-медициналык экспертизадан качып, аны жүрөк оорусунан өлдү деп көмүшкөнү аныкталган.

Ушул тапта Элдик билим берүү министрлигинин райондук бөлүмүнүн, райондук ички иштер башкармалыгынын жана үй-бүлөнү колдоо борборунун райондук бөлүмүнүн жетекчилерине карата кызматтык териштирүү жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG