Ссылки доступа

Тажикстанда футбол күйөрмандарынын жапырт мушташынан 21 киши жаракат алды


Хорог шаары

Тажикстандын Хорог шаарында жергиликтүү эки футболдук команданынын күйөрмандарынын ортосунда жапырт мушташ чыкты. Окуя 19-сентябрда «Гулакен» жана «Жогорку Хорог» командалары ойноп жаткан №2 мектептин футбол аянтында болду.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги тараптар бири-бирине таш ыргытышканын, жыйынтыгында 21 киши жаракат алганын билдирди. Мындан тышкары мектептин жана жакын жайгашкан үйлөрдүн терезелери, алты автоунаанын айнектери талкаланган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, мушташты баштагандар изделүүдө.

№2 мектептин директору Гулруз Наврузовдун айтымында, мушташ «Гулакен» командасы «Жогорку Хорогду» 2:1 эсебинде жеңип алгандан кийин башталган. «Күйөрмандар бири-бирине жана жакын жайгашкан имараттарга таш ыргыта башташты. Алар кыйкырып, уят сөздөрдү айтып, терезедерди талкалашты. Мунун баары 10-15 мүнөткө созулду. Андан кийин алар көчөгө чыгып, жапырт мушташ башталды. Азыр жергиликтүү бийлик мектепке келтирилген чыгымды эсептеп жатышат», — деди Наврузов.

Ал ортодо «Озоди» радиосу өз булактарына таянып, мушташ шаардык ички иштер башкармалыгынын маңдайында уланып, ал бир саатка жакын убакытка созулганын билдирди.

Азырынча бул окуя боюнча жергиликтүү бийлик эч кандай комментарий бере элек.

Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун борбору эсептелген Хорог шаарында буга чейин жергиликтүү жаштар менен укук коргоо органдарынын ортосунда бир нече жолу жаңжал чыккан. 2018-жылы шаарда күч түзүмдөрүнүн кошумча посттору орнотулуп, бүгүнкү күнгө чейин алына элек.

Видео

Видео

Караколдо жаштарга жаккан китепкана ачылды
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:36 0:00
XS
SM
MD
LG