Билеттер Билим берүү жана илим министрлиги түзгөн тизме боюнча сатылат. Бирок жүздөгөн эмгек мигранттары Беларус аймагы аркылуу Орусияга жетип алууга үмүт артышууда.
Жүргүнчүлөр Минскиге чейин билеттин баасы 680 долларга чейин кымбаттап кеткенин билдиришүүдө.
Орусия 21-сентябрда Беларус, Казакстан жана Кыргызстан менен аба каттамдарын жандандырган. Тажикстан менен Орусиянын ортосунда ырааттуу учуулар качан калыбына келери белгисиз.
Буга чейин Тажикстан ТИМи «Сомон Эйр» авиакомпаниясы Орусиядагы тажикстандыктарды мекенине жеткирүү үчүн 16-сентябрдан 30-сентябрга чейин кошумча 71 чартердик каттам аткарарын кабарлаган.
«Сомон Эйр» компаниясы Орусияга учактар бош кетип жатканын, буга байланыштуу Орусиядан Тажикстанга билеттер кымбаттап кеткенин (395 евро) билдирген.
Бул арада айрым тажикстандык мигранттар Москвага Дубай аркылуу учуп барышууда. Душанбе-Дубай-Москва багыты боюнча авиабилет 1300 доллар турат.