Ссылки доступа

Түркмөн бийлиги VPN-сервисин колдонгондорду куугунтуктоону улантууда


Түркмөнстан бийлиги виртуалдык жеке түйүндөрдү, башкача айтканда VPN-сервистерди бөгөттөө боюнча чара көрүүнү улантууда.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, студенттер Интернетти тыюу салынган сайттарга кирүү үчүн колдонбоо жөнүндө арыз жазууга мажбур болушууда.

Түркмөн бийлиги чет өлкөдөгү түркмөн оппозициясынын YouTube хостингиндеги каналын да жаптырууга жетишти.

Август айынын ортосунда “Түркмөнтелеком” интернет-провайдери веб-сайттарды жана көптөгөн VPN-сервистерди бөгөттөө үчүн Германиядан жаңы техникаларды алып келгени, аны кытай адистери орноткону кабарланган.

Түркмөнстанда элдер VPN-сервистердин жардамы менен гана чет өлкөдөгү сайттарга кирүүгө мүмүнчүлүк алып келишкен. Буга байланыштуу бийлик телефонго VPN тиркемесин орнотуп берген сатуучуларды кармай баштаган. Эрежени биринчи жолу бузгандар айып пул төлөп же 15 суткага камалат, үч жолу кайталагандардын бизнеси жабылат.

Түркмөнстанда VPN-сервистерди телефондорго орноткондорго карата басым чет өлкөдөгү түркмөн жарандары президент Гурбангулы Бердымухамедовго каршы акцияларды өткөрө баштагандан кийин жана коронавирус жөнүндө маалыматтар тышка тарап кеткен соң күчөдү.

XS
SM
MD
LG