«Ал борбордун шарты начар, коронавирус инфекциясынан коргонуучу медициналык каражаттар жетишсиз. Ошондуктан баргыбыз келген жок. Райондук медициналык бирикменин жетекчилиги баш тарткан дарыгерлер жумуштан кетет деп коркутууда», — деди райондогу дарыгерлердин бири.
Бирок Кува райондук медициналык бирикмеси медиктердин мындай билдирүүлөрүн четке кагууда.
Бир жума мурда Кува районунун Бегат айылындагы №2 оорукана коронавируска кабылган бейтаптарды кабыл ала баштаган.
Медициналык мекеменин кызматкери 21-сентябрга карата анда 37 бейтап жатканын, алардын төртөө реанимацияда экенин билдирди. Анын айтымында, 20-сентябрда бир бейтап эки тараптуу пневмониядан каза болгон.