Ссылки доступа

«Түркмөнпочта» ишканасы 100дөн ашык кызматкерин жумуштан кетирди


Түркмөнстанда экономикалык жана азык-түлүк каатчылыгы күчөп жаткан чакта Лебап облусунда дагы бир мамлекеттик мекеме 100дөн ашык кызматкерин жумуштан кетирди. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын аймактык кабарчысы билдирди.

«Түркмөнпочта» ишканасынын Лебап облусундагы бөлүмдөрүндө кызматкерлер кыскартылып жатат. Ар бир райондук бөлүмдө 5-6дан гана кызматкер калтырылууда. Акыркы бир нече күндүн ичинде жалпы облус боюнча 120дан ашык почта кызматкери иштен алынды», — деди кабарчы.

Анын айтымында, жумушсуз калган жарандарга жөлөк пул берилген жок.

«Ошол эле маалда жогорку кызматтарда иштеген таанышы бар же 40 миң манат өлчөмүндө пара бере алган жарандар почта кызматындагы орундарын сактап калышууда. Бул расмий курс боюнча 11 428, көмүскө базардагы курс боюнча 1 600 долларга барабар», — деди кабарчы.

Кызматкерлерди кыскартуу боюнча «Түркмөнпочта» ишканасынын облустук башкармалыгынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Экономикалык абалы начарлап жаткан Түркмөнстанда акыркы бир нече жылдан бери ондогон мамлекеттик мекемелер жоюлуп, миңдеген адам жумушсуз калган. Коронавирус пандемиясы бул абалды оорлотуп, бюджетте иштеген кызматкерлердин көбү акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө чыгарылууда.

XS
SM
MD
LG