Ссылки доступа

Өзбекстан Орусиянын COVID-19га каршы вакцинасын биргелешип сыноого кызыкдар


Өзбекстан COVID-19га каршы Орусия өндүргөн вакцинаны биргелешип сыноодон өткөрүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Орусиянын Роспотребнадзор мекемеси билдирди.

Маалыматка караганда, апта башында мекеменин өкүлдөрү коронавирустун жайылуусуна каршы күрөшүү, анын ичинде COVID-19га каршы вакцина иштеп чыгуу маселелери боюнча Өзбекстандын Санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулук агенттигинин кызматкерлери менен видеоконференция режиминде жолугушуу өткөрүшкөн.

Анын жүрүшүндө өзбек тарап өлкөгө Роспотребнадзордун эксперттерин жөнөткөндүгү жана COVID-19га каршы күрөшкө жардам бергендиги үчүн Орусияга ыраазычылык билдирген.

Мындан тышкары тараптар Өзбекстандагы жана Орусиядагы эпидемиологиялык абалды талкуулап, Орусиянын «Вектор» аттуу мамлекеттик вирусология жана биотехнологиялар борбору иштеп чыккан вакцинаны сыноодон өткөрүү маселеси жөнүндө сүйлөштү.

Өзбекстан аталган вакцинаны биргелешип изилдөөгө жана каттоого алынгандан кийин аны колдонууга кызыкдар экенин билдирди.

Коронавируска каршы Орусиянын эки компоненттүү вакцинасы 11-августта убактылуу каттоо күбөлүгүн алганы кабарланган.

Буга чейин өлкө президенти Владимир Путин вакцина сыноодон ийгиликтүү өткөнүн айтып, жакында массалык өндүрүш башталарын билдирген. Батыш өлкөлөрү бул вакцинага карата скептикалык көз караштарын билдирип келишет.

3-сентябрда Өзбекстан Бээжин расмий Ташкентти COVID-19га каршы кытай вакцинасын сыноонун үчүнчү баскычына катышууга чакырганын билдирген.

Видео

Видео

Кармалган кримтөбөлдүн саясаттагы карааны
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:05 0:00
XS
SM
MD
LG