Ссылки доступа

Тажикстанда студенттерден милдеттүү түрдө беткап тагынып жүрүү тууралуу тилкат жаздырып алышууда


Тажикстандагы айрым жогорку окуу жайларда студенттерден имараттын ичинде жана сыртында милдеттүү түрдө беткап тагынып жүрүү, ошондой эле аралыкты сактоо тууралуу тилкат жаздырып алышууда.

ЖОЖдордун жетекчилиги мындай кадамга студенттер санитардык эрежелерди сактабай жатканына байланыштуу барууга аргасыз болушканын билдиришүүдө.

Тажик улуттук университети менен Агрардык университеттин студенттери алардан тилкаттарды өткөн жумада алышканын, анда жазылган талаптарды аткарбагандар айып пул төлөп же окуудан чыгарылышы мүмкүн экенин билдиришти.

Студенттерден тилкат алынганын аталган окуу жайлардын жетекчилиги ырастап, бирок талаптарды аткарбагандар окуудан чыгарылат деген билдирүүлөрдү четке какты. Агрардык университеттин өкүлү окуу жайда сабактар аралыкты сактоо менен өткөрүлүп жатканын кошумчалады: «Эгер буга чейин бир партада экиден студент отурса, азыр зигзаг түрүндө бирден отургузуп жатабыз».

Билим берүү министрлигинин буйругуна ылайык, өлкөдөгү окуу жайлар пандемия шартында физикалык аралыкты сактап, сабактарды үч нөөмөттө өткөрүшү керек. Тажикстанда 40тан ашык жогорку окуу жайда 200 миңден көп студент билим алат.

Тажик бийлиги өлкөдө коронавирус бар экенин апрелдин аягында гана мойнуна алган. Андан соң өлкөдөгү бардык окуу жайлар адаттагыдан эрте каникулга тарап, жаңы окуу жылы 17-августта башталган.

XS
SM
MD
LG